Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды. Бул тууралуу Ыкчам штаб маалымат берген.
Тартылган адамдардын жана техникалардын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоодо;
- ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
- жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
- ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 991 адамдын ичинен:
- 490у Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компаниялардын кызматкерлери;
393ү Мамкурулуштун куруучу жана атайы адистери;
- ИИМдин 15 кызматкери;
Бишкек мэриянын 12 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 15 техника тартылды.
ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.