Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жараат алгандар жана 17-январда тик учак кулаганда жабыркаган эки аскер кызматкери мындан аркы дарылануусун Түркияга учуп кетишти. Алар адистештирилген клиникалардын биринде дарыланышат. 

Бул тууралуу республикалык медиаштаб билдирди. 

Маалыматка караганда, жабырлануучуларды жакындары жана эки кыргызстандык дарыгер коштоп алып кетишти. Алардын баары президенттик  Ту-154 борту менен кетишти. 

Жабырлануучуларга жардам берүү боюнча бардык иш чаралар президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Аларды, жакындарын жана дарыгерлерди Түркияга жеткирүү, ал жактагы камсыздоосу үчүн каражат бөлүндү.