Бишкек жылуулук электр борборундагы авария объекттин эски бөлүгүндө болгонун энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымат жыйынында билдирди.
Ал авария жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу болушу ыктымалдыгын белгиледи.
"Жарылуу орун алган ЖЭБдин буу казандары 1970-жылдары пайдаланууга берилген. Андан бери өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аткарып бүттү. Маал - маалы менен зарылчылыкка жараша оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп келген. Акыркы оңдоо иштери 2023-жылдын аягында жүргүзүлүп, 31-декабрда ишке киргизилген", - деди.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария болду. Анын кесепетинен беш жумушчу жабыркап, үчөө ооруканада дарыланууда.