Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себебин аныктоо боюнча учурда иштер жүрүүдө, анда эки версия каралып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйынында билдирди.
Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖЭБдеги авариянын келип чыгышынын бир версиясы катары диверсия болушу ыктымалдыгын дагы карап көрүүнү тапшырганын айтты.
"Диверсия болушу да мүмкүн. Анткени болжол менен түнкү саат 3.00дө тарсылдаган дабыштар чыккан. Ошону менен катар техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз. Мында техникалык учурлар болушу да мүмкүн", - деди министр.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария орун алган. Анын кесепетинен 5 жумушчу жабыркап, үчөө ооруканада дарыланууда. Алардын экөөсүнүн абалы оор экени айтылууда.