Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепеттери кыска мөөнөттө калыбына келтирилерин энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымат жыйынында билдирди.

Ал ЖЭБдеги жарылуу болжолдуу түрдө котельный цехте болгонун айтты. 

"Учурда авариянын келип чыгуусун кырсыктан кийин түзүлгөн ыкчам штаб иликтеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен жарылуунун себептери аныкталат. \

"Бул боюнча кошумча маалымат берилет", - деди орун басар.

Айтымында, авария болгон жерде учурда ЖЭБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана энергетиктердин жамааты иштеп жатат. Кыска мөөнөттө Бишкек шаарынын жылуулук системасын калыбына келтирүүгө аракеттер жасалууда.

Ошондой эле министрдин орун басары шаардыктарды электр энергия менен камсыздоодо маселе жаралбайт жана үзгүлтүксүз бериле турганын баса белгиледи. 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү ЖЭБде авария орун алып, беш жумушчу жабыркаган. Алардын үчөө ооруканада дарыланууда. Экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалашууда.