Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилгенин Энергетика министрлигин билдирди.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБде 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.
Аталган министрлик шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилдгенин белгиледи.
Ал эми электр энергиясы керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз берилет.