Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандагы иш сапарын токтотуп, Бишкекке кайтты. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, айрым маалымат каражаттары жазышууда. 

Анда айтылгандай, Акылбек Жапаров иш сапарын Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу токтоткон. Ал Бишкекке кайтып келээри менен президенттик администрацияда жыйын өткөрүлөт. 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария орун алып, беш жумушчу жабыркаган. Алардын үчөө ооруканада.