Юстиция Министрлиги тарабынан "Нотариат жөнүндө" №49 Мыйзамына ылайык жүргүзүлүп жаткан нотариат системасын реформалоонун алкагында 2024-жылдын 1-февралынан тартып Министрликтин 2024-жылдын 31-январындагы нотариаттын 2.0 бирдиктүү маалыматтык системасын ишке киргизүү жөнүндө №18 буйругу күчүнө кирет.

«Электрондук нотариат»-1.0 автоматташтырылган маалыматтык системасы республика боюнча 2024-жылдын 5-февралынан тартып өчүрүлөт. Кыргыз Республикасынын нотариустары 2024-жылдын 1-февралына чейинки жасалган нотариалдык аракеттерди  2024-жылдын 5-февралына чейин «Электрондук нотариат»-1.0 киргизүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын нотариустары реестрдик журналдарында 2024-жылдын 1-февралынан баштап Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму-2.0 чыгарган уникалдуу реестринин номерин жазышат.