Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди. 

Ал нефтетрейдерлер ассоциациясы менен сүйлөшкөнүн белгиледи. 

"Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май маселеге айланбайт. Мен алардын өкүлдөрү менен жеке өзүм дагы сүйлөштүм. Бул жазгы талаа жумуштарына кризис же алдын алуу иштери боюнча коркунуч жоктугун айтышты", - деди Төрөбаев.