Соцтармактын кыргыз сегментинде "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, учурда абакта жаткан Адахан Мадумаров "асынып алды" деген маалымат тарады.
Буга байланыштуу биз укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбызга кайрылсак, алар бул маалыматты жокко чыгарышты. Мадумаров учурда абакта аман-эсен кармалууда.
Бүгүн, саат 11де депутат Гуля Кожомкулова парламенттешинин акыбалын билүүгө жолугууга кирээри айтылган.
Эске салсак, Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган. Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Кийин ал мөөнөт узартылган.
Фейк маалыматтарды таркатууга Кыргызстанда мыйзам 2021-жылдан бери иштеп келатат. Ага карабай саясатчыга байланышкан жалган маалымат тараткандардын максаты эмне деген суроо туулат. Элдин нааразычылыгын жаратып өлкөгө башаламандык жаратуубу же Мадумаровдун өзүнө өчөшүүнүн жыйынтыгыбы?