Бүгүн, Энергетика министрлиги акыркы 3 жыл аралыгында курулуп жана гидро-агрегаттары реконструкция болуп жаткан ГЭСтердин тизмесин жарыялады. Көрүп абдан кубандым. Мамлекет эгемендик алган жылдары мындай курулуш болгон эмес. Тилекке каршы энергетика тармагынан уурдап, бөлүнгөн акчаларды жеп кетишкен. 

Мисалы, Сапар Исаков Кыргызстандын ГЭС жана ТЭЦтерине келген кредиттерди жеп, уурдап, талап-тоноп кеткен сары келемиш деп айтса болот. 

Биринчи мисал,

Бишкектеги ТЭЦти реконструкциялоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар кредит алынган. Анын 111 миллион доллары уурдалганы аныкталып, козголгон кылмыш иштин негизинде Сапар Исаков камалган. Эсиңиздерде болсо Сапар Исаков башында турган өкмөт ошол кезде кычкачтарды 500 доллардан алганбыз деп көрсөтүшкөн.  

Экинчи мисал,
Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга Орусия менен келишим түзүлүп, орус тарап 37 миллион доллар каражат салган. Иш создугуп андан ары жылбай, Сапар Исаков орустар менен келишимди бузган. Анын ордуна Сапар Исаков чехиялык “Лигласс” компаниясын алып келип, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады баш болгон 12 ГЭС курууну убада кылган. Кийин, чехиялык компания дареги жок, алдамчылар экени аныкталган. Натыйжада Сапар Исаков жетекчилик кылган долбоорго Орусия тарабынан бөлүнгөн 37 миллион доллар дайынсыз жоголгон. 
Сапар Исаков бул кылмыштары боюнча камалып, 2020-жылдагы баш аламандык учурунда түрмөдөн чыгып, качып кеткен бойдон дайынсыз. Натыйжада, Сапар Исаков энергетика тармагына 111 миллион Бишкектеги ТЭЦтен, 37 миллион доллар ГЭСтен зыян алып келген. 
Сапар Исаков жеп кеткен 148 миллион доллар - 160тан ашык мектеп курганга жетмек. Кыргыз элинин ырыскысын жеп кеткен сары келемиш, азыр чет өлкөдө жыргап, жашынып качып жүрөт.

 

ФБдан алынды