Каржыга байланышкан чечимдерди кабыл алуудан мурда, бардык кыял-максаттарды керектүү форматка айлантуу керек. Балким бул кимдир бирөөлөргө ашыкча нерседей сезилиши мүмкүн, бирок ар бир максат акча талап кылаарын дайыма эске тутуу зарыл. Эгер сиз эмнени каалай турганыңызды жана ал канча тураарын так билсеңиз, анда кыял менен каражатты жуурулуштурганга толук мүмкүн.

Каалоону каржы - максатка айлантуу үчүн аны абдан так белгилөө керек. Ал үчүн үч жөнөкөй эреже бар:

Бул максатка жетүү канча турат? Башкача айтканда ойлогон ойду ишке ашырууга канча акча сарпталат?

Максатты ишке ашырууга канча мөөнөт берилет? Бир айбы, бир жылбы же беш жылбы?

Бул максат канчалык тез- тез кайталанат? Жылына канча жолу саякатка чыккыңыз келет жана тиричилик техникаларын жылына канча жолу жаңылагыңыз келет?

Жашоо максаттарыңызды аныктаңыз

Таблица түзүп, ага кыялыңызды, ага керек болуучу каржылык эсептериңизди жазыңыз.  Эми жакынкы 2-3 жылга пландалган жашоо максаттары тууралуу ойлонууга болот. Аларды дагы каржы максаттарындай түс берип таблица менен жазып чыгуу керек. Максат, анын баасы, ишке ашыруу мөөнөтү жана канчалык мөөнөттө кайталана турганын жазыңыз.

Эсиңизде болсун, максаттын баасын таразалап көрүү менен азайтууга болот. Сапатын жоготпой туруп, баасын арзандатуу мүмкүнбү – ойлонуп көрүңүз. Мисалы, жаңы автоунаа эмес, бир нече жыл мурда сатыкка чыгып, буга чейин пайдаланылып келген автоунаа сатып алсаңыз кандай болот? Бул баасы жагынан бир топ арзан келет эмеспи. Же мисалы, Европадагы кымбат баалуу отелде эмес, кадимки хостелде жашап, саякаттасаңыз кандай болот? Ооба, анда шарттары бир топ жөнөкөйүрөөк болот, бирок сиз жер көрүп, максатыңызга жете аласыз.

Эми эң башкы кеңеш. Кыялыңыздын баасын эсептегенден коркпоңуз. Бул зарыл нерсе. Кыялды так эсептөө менен ага жетүүнүн жарым жолун басып өттүңүз. Канча акча керектигин так билген учурда гана аны топтоо оңойураак болот. Качандыр бир саякаттайм, качандыр бир автоунаа алам деп абстрактуу максат койгондон көрө, бул эң жакшы натыйжасын берет.