Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Атайын кызмат билдиргендей, аталган сержант Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган. 
Маалыматка караганда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган.
Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.