Бүгүн, 29-январда Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келгенин тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келген. Мурат Нуртлеуну “Манас” эл аралык аэропортунда КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алышты.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.