27-январда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарын текшерүүгө барганда, жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда Раимбек Матраимовдун кланы тууралуу айтып берди. 

"Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштүн натыйжасында, бүгүнкү күндө 120 миллиард сомго чейин акча топтодук. Бул эмне деген акча алардын чөнтөгүнө түшүп турган? Раимбек Матраимов качып кетти эле, анын Ош облусундагы, Бишкек шаарындагы мүлктөрүнүн конфискацияланышы 80 миллион долларга жетип калды. Ал Ош облусундагы нечендеген курулуштарды, завод-фабрикаларды, жер тилкелерин ж.б. алып койгон. Бир адам клан болуп атса, башка эл жыргап жашамак беле. Башка эл ошолордун алдында эзилип, анча-мынча бергенине башын ийип жашайт да. Андай болбош керек.

Таза эмгеги менен бизнес кылып, салыгын төлөп жашаган ишкерлерге жардам беребиз. Бизнесмендер өссүн-өнсүн, көбөйсүн, бирок таза эмгеги менен, мамлекеттин, элдин чөнтөгүнө кол салбасын", - деди Камчыбек Ташиев.