Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев “Курманбек” стадионун жаңылоо иштерин текшерип барды.
Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” борбордук стадиону быйыл толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Азыркы тапта жумуш кызуу жүрүп жатат.
Бул стадион 1967-жылы ашар жолу менен салынган.
Камчыбек Ташиев стадиондун айланасындагы чарба иштерине дагы сын айтып, бир катар кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.
Курманбек стадионунун ээлеген аянты 3,6 гектар . 4 миң 500 орундук бар. Жалпы 12 кызматкер эмгектенет.