Бүгүн, 27-январда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарына барып, соодагерлер менен жолугушту. 

Ошол жерде сөз сүйлөп жатып Камчыбек Ташиев Раимбек Матраимовго байланыштуу маселелерге токтолду. 

"Матраимовго издөө жарыяланды. Анын Ош облусундагы, Кыргызстандагы бардык мал-мүлкүн алабыз. 1 сотых да жерин калтырбайбыз. Ал кайтып келген учурда дагы жөнөкөй адам болот, мурдагыдай "Раим-миллион" болбойт. Силердин араңарда жөнөкөй болуп жүрүп, Кара-Суу базарынан бир точка алып соода кылса жанын багат. Кылбаса өзүнө кыйынчылык болот. Мурдагыдай матраимовдук клан болбойт. Ошолордун кланын жок кылабыз деп Ош облусунун тегерегиндеги эле 50гө жакын мамлекеттик кызматтын бир катар жетекчилерин кызматтан алдык", - деди Камчыбек Ташиев.