Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов менен Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Омск шаарында өтүп жаткан «Сибирь - диалогдун аймагы: улуттар аралык жана диндер аралык ынтымак - орус мамлекеттүүлүгүнүн негизи» – аталышындагы конференцияга катышты.
Иш-чарада баяндама жасаган депутат Айбек Маткеримов дин саясатына байланышкан Кыргызстандын тажрыйбасы тууралуу сөз кылып: «Өлкөбүздө дин саясатына байланышкан мамлекеттик концепция кабыл алынган. Анда динге тиешелүү терс жагдайларды чектөөдөгү жана салттуу ишенимдерди колдоодогу мамлекеттин ролун жогорулатууга байланышкан маселелер камтылган», – деди.
Муну менен катар диний бирикмелерди каттоону тартипке келтирилгенин айткан эл өкүлү: «Мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин ортосунда туруктуу диалог үчүн платформалар түзүлүп, диний чөйрөнү жөнгө салуунун мыйзамдык базасы бекемделген» – деди.
Ошондой эле өткөн жылдын 28 - декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Ислам академиясын түзүү тууралуу жарлык чыгарылганын маалымдаган Айбек Маткеримов ал дин таануу илимин өнүктүрүү максатын көздөй тургандыгын кошумчалады.
Сөзүнүн аягында «Руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, өз элинин тарыхын жакшы билген, башка элдин каада-салтын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын, ишенимдерин сыйлаган, улуттар аралык мамилени баалаган жарандарды тарбиялоо ар бир өлкөнүн саясатынын артыкчылыктуу багыты болушу керек»,– деди депутат.
Эл аралык конференция кеңири талкуулар менен уланып, бир катар маанилүү сунуштар айтылды.
Ал эми депутат Марлен Маматалиев дин саясатына байланыштуу Кыргызстанда жасалып жаткан иштер тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маек берди.