2024-жылдын 22-январында Жалал-Абад облусунун Алабука районунун Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында Кыргыз Республикасынын жараны Ё.А.А. кармалды.
Такталгандай, кармалган жарандын үйү чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашканын, ал баңги затын Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасына ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды.
Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, афган гашишинин өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн эки баңгизат табылып алынган. Кармалган адам КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.