24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айыл аймагынын №1 мектебинин окуучулары жана администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Иш-чаранын алкагында Төмөнкү Чүй мектебинин активисттерине жана отличниктерине Жогорку Кеңештин имараты боюнча экскурсия уюштурулду. Мындан тышкары, алар парламенттик жыйынга катышып, мыйзам чыгаруу органынын иш процесси менен тааныша алышты.