24-январдагы  Жогорку Кеңештин жыйынында  “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Мыйзам долбоору КРнын Министрлер кабинетинин 2022-2026-жылдарга баңгиликке каршы программасын, КРнын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Атап айтканда, сунушталып жаткан мыйзам долбоору 1994-жылы  Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин токтомдору менен кошулган 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы психотроптук заттар жөнүндө Конвенциянын жана 1988-жылдагы баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун Конвенциясынын ченемдерин имплементациялоого багытталган.

Талкууда депутаттар Балбак Түлөбаев жана Нурланбек Азыгалиев дарыканаларда эркин сатылып жаткан айрым психотроптук дарыларды көзөмөлгө алуу маселесине көңүл бурду. Депутат Акбөкөн Таштанбеков баңги каражаттарына көз каранды жарандарды кармап жазалоо эмес, аларды алдын алуу багытындагы иш-чараларды, түшүндүрүү аракеттерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.