Бүгүн, 23- январда Транспорт, коммункациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетте “Digital CASA – Кыргыз Республикасы” долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу маалымат угулуп,  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашуу “Digital CASA – Кыргыз Республикасы долбоорун кошумча каржылоо” жана макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе каралды.

Санарип министрлигине караштуу “Digital CASA” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча бөлүмдүн директору Казбек Тоголоков маалымат берди.

Директор белгилегендей “Digital CASA – Кыргыз Республикасы” долбоорун Санарип министрлиги 2019-жылы ишке ашырып баштаган. Долбоордун жалпы наркы 50млн АКШ долларын түзүп, анын 25 млну насыя, 25млн АКШ доллары грант катары берилген. “Ушул тапта «G-Cloud» кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кайра карап чыгып, бюджетин көбөйтүү зарылдыгы келип чыгууда. Аппараттык-программалык комплекс сатып алуу жана валютанын курсунун айырмасы үчүн кошумча 7млн АКШ доллары талап кылынат.   Мында макулдашууга кол коюлган күндөн тартып, насыянын мөөнөтү 50 жыл,  пайыздык чени 0%,  жеңилдетилген убактысы 10 жыл болмокчу”, -деди Казбек Тоголоков.

Талкуу учурунда комитет мүчөлөрүндө кошумча 7 млн АКШ доллар  алуунун кандай кажети бар деген суроолор пайда болду. Депутат Гүлшаркан Култаева өлкөдө санариптештирүүнү колдоого быйыл канча каражат бөлүнгөнүнө кызыкты. Ошондой эле ал санариптик кодексти иштеп чыгуу маселесин көтөрдү. Буга баяндамачы 2024-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүүгө 500млн сом каралганын билдирип, кодексти иштеп чыгууга 3 млн АКШ доллар керектелерин кошумчалады.  Эл өкүлү Винера Раимбачаева билим берүү, саламаттык сактоо тармактарын санариптештирүү маселесине көңүл буруп,  санариптештирүү боюнча “Түндүк” сыяктуу улуттук программалардагы кемчиликтерди айтып өттү. Мындан тышкары комитет мүчөлөрү санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, аймактарда элге интернет жеткирүү сындуу проблемаларды көтөрүштү. Талкуунун жыйынтыгында макулдашуунун долбоору жактырылды.