Япониянын Юстиция министрлигинин делегациясынын таанышуу визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу Япониянын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Мацумото Такеши мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Алмазбек Зарылбек уулу юстиция тутумун санариптештирүү жаатындагы аракеттерге өзгөчө көңүл буруп, министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана реформалары менен тааныштырды. Ал ошондой эле, жазык-аткаруу тутумунун (пробация) бөлүгү катары электрондук билериктерди колдонуу менен "электрондук байкоо" жана жаңы бөгөт коюу чарасы киргизүү маселелерин талкуулады.
Тараптар өз ара ишмердүүлүктү улантууга жана тажрыйба алмашууга багытталган практикалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу ведомстволор аралык мамилелерди тереңдетүүгө жана бекемдөөгө ниеттерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар ар түрдүү чектеш тармактарда тажрыйба алмашуу максатында, эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюу үчүн иш-чараларды даярдоого байланыштуу маселелерди иштеп чыгууну макулдашышты.
Эки күндүк визиттин жүрүшүндө Япониянын Юстиция министрлигинин делегациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине, Жазаларды аткаруу кызматына жана түзөтүү мекемелерине барышты.
Маалымдама: 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосунда укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.
Бул Меморандум сот адилеттигине байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүндө, анын ичинде жазык, жарандык жана коммерциялык укуктарда, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыгындагы башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө багытталган.