Ош шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө аракеттенген бала бакчанын директору кармалды. Бул тууралуу аймактык ИИБ билдирди. 

Маалыматка караганда, "Би-Би" бала бакчасы боюнча соцтармактарга видео тарагандан кийин милиция кызматкерлери текшерүүгө барган. Белгилей кетсек, тараган видеодо бакчадагы балдарга диний сабактар өткөрүлүп жатканы чагылдырылган. Аны менен катар балдарды сабак учурунда ажылык сапарда кийилчү кийимдер кийгизилген. 

19-январда текшерүү жүргүзүү учурунда бала бакчанын директору, 1970-жылы туулган Х.В. милиция кызматкерлерине текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракеттенген.

Ал кызматкерге 20 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды. Директорго карата КР Кылмыш жаза кодексинин 354-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.