Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандан барган үч жаран Өзбекстандан келген мигрантты уурдап кетишип, өлтүрөбүз деп коркутуп акча талап кылышкан. 

Жергиликтүү басылмалардагы маалыматтарга караганда, акырында алар өзбек мигрантынан 20 миң рубль опузалап алышкан. 

Полицияга 19 жаштагы өзбек жараны кайрылып, үч белгисиз адамдар таксиге отургузуп алып кетишкенин, тапанча такап коркутушканын айткан. Андан соң жанындагы 20 миң рублин алгандан кийин машинадан түшүрүп салышып, из жашырышкан. 

Полиция кылмыштын изи боюнча тез эле таксист болуп иштеген кыргызстандыкты кармашкан. Андан кийин дагы эки жаран колго түшкөн. Учурда кылмыш иши козголду.