Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мурда аталган “мыйзамдагы ууру” К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон эки унааны маморгандарга өткөрүп берилгени тууралуу соцтармакка жарыяланган маалыматты атайын кызмат расмий түрдө четке какты.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбекке тиешелүү бир нече автоунаалар кармалып, кийинчерээк алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилген. Андан кийин УКМКнын буга эч кандай тиешеси болгон эмес.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин балансында өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн жетиштүү сандагы унаалар бар.
УКМК жарандарды чагымчыл, жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат.
Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында башаламандыктарды, чыр-чатактарды жаратууга багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн тиешелүү жоопкерчилик тартаарын кайрадан эскертүүгө мажбур.