"Ак-Тилек-унажолу" чек ара пунктунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, ичинде жалпы суммасы 4 млн даана 200 куту даяр тамеки буюмдары болгон «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.
Бул УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында болгон.
Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин биргелиги менен ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.