Кара-Сууда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу аталган райондун укук коргоо кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган М.у.С. арыз менен кайрылып, 2023-жылдын октябрь айында Шайыра деген келин менен сүйлөшүп жүргөн кезде, ал келиндин М.С. аттуу таанышы: “Мен анын күйөөсүмүн, сен менин келинчегим менен жакын мамиледе болгонсуң” деп коркутуп, 50 000 сом опузалап акча талап кылып жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарында өзүнүн автоунаасынын ичинде опузалап талап кылган акчанын 15 000 (он беш миң) сомун алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.