Бүгүн УКМКнын Ысык- Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. 

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин жетектөөсүндөгү коопсуздук кызматынын башкармалыктары өздөрүнө тагылган милдетти так, жоопкерчилик менен аткарып келатканын белгиледи.

"Бирок бардык эле жоопкерчиликти коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөй бербестен алардын кызматын так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү мамлекеттин иши. Коопсуздук органы, анын облустардагы башкармалыктары мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп берет. Ошондуктан ички,тышкы коркунучтарды алдын алуу, керек болсо натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү шарттарды түзүү кажет. Мына ушул максатта республиканын бардык аймактарындагы башкармалыктарынын имараттары жаңыланды", - деди Садыр Жапаров. 

Ал коопсуздук кызматкерлери бардык шарттар менен камсыздалып, көөдөнү ток болсо көрүнбөс майдандагы күрөшү натыйжалуу болоорун белгиледи.

Президент капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат 1976-жылы курулганын маалымдады. Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында жалпысы 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.

Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө коопсуздукту бекемдөө жана мыйзамдуулукту сактоо укук коргоо органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнөн көз каранды экенин баса белгиледи. 

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы Башкармалыктын кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат, алдыга койгон максаттарга жетүү жана бакубат жашоо каалады.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров имараттагы жаңыланган шарттар менен таанышты: кызматтык жайларды, актовый залды, медициналык-санитардык бөлүктү, ошондой эле машыгуу залын жана жайкы футбол талаасын көрүп чыкты.