Ташкентте абанын булгануу көрсөткүчтөрү рекорддорду жаңыртты. Өзбекстандын баш калаасында дем алуу 1986-жылы атомдук кырсыкка тушуккан Чернобылга караганда зыяндуу болуп калды.

Бул тууралуу 12-январда ташкенттик блогер Никита Макаренко өзүнүн Teлеграм каналына жазып, Чернобылдагы аба сапатынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

"Азыр Ташкентке караганда Чернобылда жашоо коопсузураак", — деп жазды блогер.

Дүйнөдөгү абанын сапатына көз салган IQAir индексинин маалыматы боюнча, 12-декабрга карата Ташкентте абанын булгануусу нормадан эки эсе көп болгон.

IQAir индекси боюнча Ташкенттин абасындагы адамдын өпкөсүн жабырката турган чаңдын көлөмү 67,5 мкг/м3 түзөт. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарынан (5 мкг/м3) 18,7 эсеге көп.

Абадагы уулуу бөлүкчөлөрдүн ашыкча болушу адамдарда, өзгөчө жаш балдарда айыккыс ооруларды: рак, астма же кан айлануу ооруларын пайда кылышы мүмкүн.

Дүйнөдө ар бир алтынчы өлүм абанын булганышы менен байланыштуу экени белгилүү.