ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда каракчылык жана адам өлтүрүү фактыларын алдын алышты.
Жалал-Абад облусунун тургунунун үйүнө кол салуу 2024-жылдын 13-январында болгон. Кол салгандар акча каражатын жана башка баалуу буюмдарды алып качууну пландаштырышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр, анын ичинде оор кылмыштын уюштуруучусу да кармалган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери даярдалып жаткан каракчылык жана буйрутма киши өлтүрүү фактылары тууралуу маалыматты ыкчам каналдар аркылуу алдын ала билишкен. 2024-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунун шаарларынын биринде ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургунду буйрутма менен өлтүрүү пландалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Уюштуруучу кылмышка даярдануу максатында, өзүнүн тааныштарынын, анын ичинде мурда соттолгондорду кылмышка шерик катары издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерин ишендирген.
Топтолгон материалдардын негизинде КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 36, 122-беренесинин 10-бөлүмүнүн «Киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголду.
Тоноо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу мурда соттолгон жаран экени аныкталган.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине пландалган кылмыштын айрым чоо-жайы, анын ичинде үйгө кантип кирип кол салуу болорун жана кайсы убакытта болору белгилүү болгон.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыш иликтөө кызматкерлери каракчылык болгон жерге жакын жерде кылмышка шектүүнү кармоону уюштурушкан.
Кылмыш болгон жерден кол салгандарды кармоо максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн.
2024-жылдын 13-январында жеке турак жайга кирип, каракчылык жасап жаткан жеринен Ш.В. жана К.Р. аттуу жарандар кармалган. Кармалгандардын бири кылмыштын уюштуруучусу, мурда соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну 1964-жылы туулган К.Р. аттуу жаран болгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.