Соцтармактын Майрамбек Дүйшеев аттуу колдонуучусу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атасы Кыдырша аксакал тууралуу эскерүүсүн жарыялады. 

"Айылыбыздын эмгекчил, чынчыл аксакалы Кыдырша авамдын менде калган бир элеси.

Мен 4-5- класста окусам керек эле, биздин үй тарапта аябай чоң сапсары бий алмасы бар болчу. Жолдон өткөн жолоочу балдардын көзүнөн өтүп, жесем дегендердин катарында мен да бар элем.

Бир күнү коңшу балдар уурулукка кирмей болушту. (Менден уулулар). Арыктан аттап (кичине канал) алманы күүп коюндарына толтуруп качып кетишти, мен араң 2ни алганы жетиштим.
(Кичинекеймин).

Аксакал аябай көрөгөч, кыраакы болгон тура. Биз кирген издерди көрсөтүп келип атама айтып кетти, көрсө жанагы уулу балдар быша электе жерге күүп салышыптыр. Ошондо Атамдан көк чыбык сынгыча келтек жеп шымыма сийип алганым эсимде.

Арадан күндөр өтүп мектептен келе жатсам Кыдырша авам жолдун боюндагы дөңчөсүндө олтуруптур. Учурашып тамашалап "кармалдыңбы?" -дегенде эле ыйлап, төкпөй - чачпай айтып бердим, тиги балдар баштап киргенин, мен 2ни алганымды, атам катуу сабаганын.

Кийин алмасы бышканда үйгө бир пакетке алып келип, "эсине кире элек баланы катуу сабаганың туура эмес", - деп атамды урушуп кеткени көз алдымда турат.

Ошондон улам мектептен кайтканда кезигишкен жерден бир куплет ыр айттырат, олжосуна дарбыз берет. Ошентип айылдын балдары аксакалдын коон-дарбызын жеп чоңойдук.

Огородундагы жер -жемиш бышканда коңшуларга таркаткан кең пейил, эмгекчил, чынчыл инсан катары элеси эсимде калды.

Аллахымдын бейишин гүл бакчага айландырган, Багбан Ата болушун насип кылсын.

Сүрөт соц тармактан алынды, эскерүү 15.01.24"