Бишкектеги №3 балдар ооруканасында 2 жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, баланын өлүмү боюнча факты маалыматтар журналына катталган жана тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, аталган оорукананын кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, 13-январда 2021-жылы төрөлгөн К.А.га карата оорукананын кызматкерлери профессионалдык-кызматтык милдетин толук кандуу аткарышкан эмес. Жыйынтыгында, баланы өлүмгө жеткирген.
Баланын апасы соцтармактар аркылуу да кайрылуу жасаган. Анда 2 жаштагы баласынын дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылышканын, баланын абалы жакшы эле болгонун, бирок ооруканага барышкандан 2 сааттан соң дарыгерлер анын чарчап калганын билдиришкенин айткан.