Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жетекчилиги алдында өтүп жатат. 

Тараптар чек араны демаркацилоо жана делимитациялоо боюнча макулдашууда. Саймумин Ятимов чек ара маселесине чекит коюлса, эки өлкөнүн эли кылымдар бою ынтымакта жашап калаарын белгиледи.