Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү болуп эсептелет:

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов;
Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик;
Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек;
Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар;
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач;
Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал;
Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай;
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил;
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштары.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.