Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергеновдун өлкөнүн ар кайсы аймагындагы ондогон тарапташтары аныкталып, суракка алынганын 11-январда билдирди.
Атайын кызмат алардын көрсөтмөсүнө таянып, Ташовдун бийликти басып алуу иш-чараларын уюштурууну каржылаганы боюнча маалымат ырасталганын белгиледи.
Анын жыйынтыгында бийликти басып алуу планына катыштыгы бар экени тастыкталган айрым адамдар кармалганы айтылды.
"М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер менен (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон. Ошондой эле анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Мындан тышкары АКШдагы жарандардан акча которууларды уюштуруу милдетин алган Талас облусунан К.А.К. аттуу адам да кармалды. Анын атына Имамидин Ташовдон көп суммадагы акча которулган бир канча фактылар катталган.
Ташовдун жашаган жери тинтүүгө алынып, ал жерден чоң суммадагы акча, кымбат баалуу автоунаалар жана баалуу материалдар табылган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат Ташов менен Кудайбергеновдун төңкөрүш жасоо аракети аныкталганын, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин ("Бийликти күч менен басып алуу") 1-бөлүгү жана 245-беренесинин ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") негизинде кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Ташов менен Кудайбергеновго издөө жарыяланган.