“Фейсбук” социалдык тармагына тенденциялуу материалдарды жарыялаган К.К. аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, К.К. аттуу КР жаранынын “Фейсбук”   социалдык түйүнүндө КР Кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш иши болуп саналган, региондорго таандык белгилери боюнча жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялап жүргөндүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. 
2024-жылдын 9-январында К.К.нын үйүндө тинтүү жүрүп, Кыргызстанда аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган буюм далили катары уюлдук телефон табылып алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.