Жалал-Абад шаарында 14 жаштагы кыз мейманканада зордукталганын блустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.

Учурда кылмышка Сузак районунун тургуну шектелип жатат.

Маалыматка караганда, Аксы РИИБге 1978-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 2-январь күнү саат 22:00 чамасында 14 жаштагы кызын 31 жаштагы жаран Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде зордуктаганын билдирген.

Бул факты Аксы милициясы тарабынан каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБге жиберилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө арызда көрсөтүлгөн жаран Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 1993-жылы туулган тургуну экендиги такталган. Учурда текшерүү иштери уланууда.