Кыргызстан менен Өзбекстандагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн өз ара байланышы барбы? Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев АКИpress агенттигине комментарий берди.
«Жалпысынан уюшкан кылмыштуу топтор бир эле өлкөдө болбойт, албетте, алардын бири-бири менен байланышы бар. Биздин мурдатан берки уюшкан кылмыштуу топторубуз аймактар аралык, мамлекеттер аралык дагы болушат. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганда башка мамлекеттер дагы бул ишти колго алышты. Бул бизди кубантты. Ушундай жол менен Борбордук Азиянын бардык аймактары уюшкан кылмыштуу топтордон тазаланат деп ойлойм», - деди ал.
Буга чейин 2023-жылдын октябрь айында Казакстанда уюшкан кылмыштуу топторду массалык түрдө кармоо башталган. Декабрда Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топтордун, анын ичинде «Салимбай» каймана аты менен таанымал ишкер Салим Абдувалиевдин кармалганы маалымдалган. 2024-жылдын январында Түркмөнстанда Өзбекстандагы мыйзамдагы ууру «Бахти Ташкентскийдин» шериги кармалган. Кыргызстанда октябрь айынын башында УКМКнын атайын операциясында мыйзамдагы ууру делген Камчы Көлбаев жок кылынган. Андан кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана аны менен байланышы бар деп шектелген ишкерлерди массалык түрдө камакка алуулар болду.
АКИpress