Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов депутат Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү боюнча тагылган берене анын консультатына тагылган беренеге караганда жеңил болуп калаарына токтолду. 

"Консультант депутаттын айтканын жасайт, бул кандай болуп калат?" - деди ал. 

Ага жооп берип жатып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев консультанттар мыйзамды билиши керектигин, ошондуктан депутаттар жардамчы, кеңешчи алаарда билимине, эмгек стажына басым жасашы керектигин белгиледи.

"Жамгырчиевге каралган кылмышты биз кантип ачып калдык? Ошол консультантынын жасаган ишинин негизинде ачылды. Болбосо депутаттын Өзбекстанга бардыбы, ким менен жолукту - бизге кызыгы жок болчу. Бизге кайсы бир документтерди Жогорку Кеңештеги кайсы бир консультант башка өлкөгө жиберип жатат деген маалымат түштү. Аны текшерип отуруп Жамгырчиевге чыгып калдык. Депутаттын жардамчысы Кадыров Шомуров деген таанышы аркылуу КР ЖКнын 7 даана расмий бланктарын Өзбекстанга Атакеев аттуу таанышынан Өзбекстанга берип жибергенин билдик. Биз ал бланк менен Ташкентке чогуу бардык. Эмне документ экенин билген эмеспиз. А Ташкенттен ал документтерди Жамгырчиев тосуп алды. Анан депутат кандайча Ташкентке барып калды, текшерип баштадык. Ал мамлекеттик чек араны кесип өтпөгөнү аныкталды, бирок Ташкентте жүрөт. Ошонун негизинде бир жыл Жамгырчиев эмнеге Өзбекстанга барган, кимдер менен жолуккан, кандай документтерди алдырган - иликтеп чыктык. Иликтөөнү Өзбекстандагы коллегаларыбыз менен чогуу жасадык. Өзбекстандын атайын кызматы Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүп, сот камакка алуу чечимин чыгарып койгон. Бул жерде Жамгырчиевдин иш аракетинин мыйзамсыз экендигин эки өлкө тастыктап жатат.

Өзү бул жерде Жамгырчиевге кеп жок. Депутат болгондон кийин чек араны мыйзамдуу кесип өтсө, ага ким тоскоол болот эле? Өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынбагандан кийин барчу жагына ачык эле барып, жолукчусуна жолугуп келе бербейби. Бирок мыйзам бузулгандан кийин реакция кылбай кое албайбыз.

Ал эми консультант мыйзамды билиши керек болчу. Ошондуктан биз депутаттарга жардамчы, кеңешчи алаарда билимине, мыйзамды билгенине карап, эмгек стажы бар адамдарды алгыла деп айтабыз. Мыйзамды бузуп жатса консультант деп тим коюш керек беле", - деди Камчыбек Ташиев.