Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тергөөчүлөрдөн качып, парламенттин имаратынын 2-кабатынан секирип түшкөндөн бери дайынсыз болуп жаткан депутат Эмил Жамгырчиев тууралуу суроолорго жооп берди. 

"Кечээ күнү депутат Нулифар Алимжанованын 2-кабаттагы 204-кабинетине кирип, терезеден секирип качып кетип калыптыр. Бул эмне деген жорук. Аны эч ким камап жаткан жок, камайын деген оюу да жок. Керек болсо тергөөчүлөргө айткам, иликтөөнү бүтүп калдык, бир жыл иликтөө жасадык, баары толукталды, эми бир аз тергөө амалдарын жасап, андан соң сотко өткөрүп берели, сот чечсин деп. Биз депутатты камап эмне кылабыз? Оор кылмышы болбосо, бирөөгө зыян келтирбесе, бирок мыйзам бузганы үчүн жооп берсин. Силер уруксат берсеңер, сотко өткөрүп беребиз", - деди Камчыбек Ташиев. 

Андан ары: "Ал азыр бир жактарда качып жүрөт, качпай келсин, камабайбыз, ишин сотко өткөрүп беребиз. Кечээтен бери УКМК, Башкы прокуратура депутаттарды камайбыз деп артынан кууп жүрүшүптүр деген сөз болуп жатат. Бул камай турган кылмыш эмес. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча өзүбүздүн бир дагы жараныбызды камабайбыз. Жамгырчиевге айтып койгула, келсин, камалбайт, баарын сотко өткөрүп беребиз, ошол жактан жооп бере берсин", - деп кошумчалады УКМК төрагасы.