"Альянс" парламенттик фракциясынын депутаты Нилуфар Алимжанова Эмил Жамгырчиев анын кабинетине кирип, андан ары дайынсыз кеткенин журналисттерге тастыктады. 

"Менин кабинетиме фракциянын кызматкери менен чогуу келген, бирок ал ичине кирбей, башка депутаттар менен чогуу пресс-залдын жанында Жамгырчиевди күтүп турган. Маалымат жыйыны өткөрүлүшү керек болчу.

Жамгырчиев менен кабинетиме киргенин жардамчыларым айтып беришти. Бирок ал терезеден секирип кетти деп жатышпайбы, аны жардамчыларым көрүшкөн эмес. Комендант келип, экинчи кабаттагы кабинеттердин биринин терезесинен кимдир бирөө секиргенин айткан. Аны видеокөзөмөл аркылуу тергөө аныктайт. Бирок терезелер ачык калган. Тергөөчүлөр өздөрүнүн ишин аткарышты, кабинетке мөө басылган жок", - деген депутат. 

Ошондой эле ал Жамгырчиевге телефон чалганын, бирок жооп ала албаганын кошумчалаган. 

"Мен анын ушундай ниети бардыгын билбегем. Чын айтам. Бирок аны Жогорку Кеңештин чечиминен кийин гана кармашмак да. Ал учурда комиссиянын чечими чыга элек, маселе палатага чыгарыла элек болчу да", - деген Алимжанова.