КРнын Юстиция министрлигинин демилгеси боюнча, 2023-жылдын 28-февралындагы №109 КРнын Министрлер Кабинетинин Токтому менен апостиль штампынын тексти эки тилде: мамлекеттик же англис тилдеринде «/» белгиси аркылуу коюлу белгиленди.
Өлкөлөр ортосундагы эл аралык мамилелерде ички документтерди легалдаштыруу системасы атайын апостиль штампын коюу ыкмасы менен кабыл алынган, бул документтердин аныктыгын расмий тастыктоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнунун №75 «Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтом менен апостиль үлгүсү бекитилген.
Азыркы учурда апостилдештирүү жол-жобосу Кыргыз Республикасында чоң суроо-талапка ээ. Алсак, 2023-жылдын 11 айында Юстмин тарабынан 35 450 документ апостилдештирилип, 34 460 220 сом суммасында мамлекеттик алым өндүрүлгөн.
Ошону менен бирге Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасында апостилдештирилген документтерди чет өлкөлөрдө пайдаланууда чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын апостиль штампын жана апостиль штампынын толтурулган текстин мамлекеттик тилден англис тилине которууну жүргүзүү талаптарына туш болушкан. Мындай система кошумча адамдык жана материалдык чыгымдарга жана жарандардын нааразычылыгына алып келчи.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде көрсөтүлгөн кызматтарды жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстмин тарабынан апостиль штампынын тексти арыз ээсинин каалоосу боюнча мамлекеттик тилинде же англис тилинде жүгүзүлөт.
Англис тилиндеги апостиль штампы, документтин англис тилинде күбөлөндүрүлгөн котормосу бар болгон учурда гана толтурулат.