КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына бодо малдарды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2024-жылдын 5-январында Талас облусунун Талас районундагы Көпүрө-Базар чек ара айылынын «Чон-Кыя»  аймагында КР УКМК кызматкерлери жана УКМКнын чек ара кызматынны кызматкерлери менен биргеликте  Т.Р.Э. аттуу Кыргыз Республикасына жараны контрабандалык жол менен 50 баш ири мүйүздүү малды Казакстан Республикасынан алып өтүү ишин токтотушту. 
Учурда бул факты боюнча жагдайларды жана адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.