Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган келин баласын таштап чыгып кеткен бойдон дайынсыз экени айтылган жана милиция тарабынан издөөгө алынган. Облустук милиция келин 1 күндөн кийин аман-эсен табылганын кабарлады.
"22 жаштагы келин 5-январда саат 05:30 чамасында төрөт үйдөн баласын калтырып, чыгып кеткен. Дайынсыз болуп жаткан келин 6-январда Чет-Булак кварталынан милиция тарабынан табылган.
Келин жакындарына өткөрүлдү жана абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.