Кыргызстандын аймагында 1-январдан 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

- тиешелүү документи жок унаа башкаруу - 196;
- мас абалында унаа башкаруу - 208;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 32;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуулар - 754;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу - 2 080;
- автоээнбаштык - 7;
- ылдамдыктан ашырып айдоо - 3 442;
- жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 4;
- башка эреже бузуулар - 9 472.
Жол инспекторлору тарабынан 1 091 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.