Сауд Араб Падышачылыгы 2024-жылы Кыргызстанга ажылык үчүн 6060 квота бөлгөнүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин САПтын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Анда САПтын өкүлү Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгиледи.

"Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык", - деди Азирети Муфтий.