- 2023-жыл Кыргызстан үчүн кандай жыл болду?
- Негизинен өтүп бара жаткан 2023- жыл Кыргызстан үчүн тарыхта болуп көрбөгөн кубанычтуу, стабилдүү жана түшкө кирбеген кызыктуу окуяларга бай жыл болду десем болот.
Бул жылы Кыргызстандын тарыхында болбогон бюджеттин өсүшү, ички дүң продукцияда "триллион" деген сандын пайда болушу жалпы элибизди кубандырды. 
Бюджеттин күчү менен өлкөбүздө жүздөгөн социалдык имараттар, завод-фабрикалар курулуп жатат, коомдук транспорттор, аскердик техникалар, тик учактар, самолёттор, курал-жарактар жана башка керектүү нерселердин баары  сатылып алынууда. Жыл сайын адам өмүрүн алган, өмүрүнө коркунуч жаратып турган чек ара маселеси Өзбекстан тарабы чечилип, Тажикстан тарабы чечилгенге жакын калды.
Санай берсек өтө эле көп жетишкендиктер болду, секирик жасалды. Мындай секирикке жетүү оңойго турбады.
Президентибиз Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичтин туура саясаты жана анын арстан жүрөктүү командасынын талыкпаган эмгеги артында канчалаган тоскоолдуктарга карабай жетип, элибизге үмүт берди.
- Коррупция, ОПГ менен күрөшүү жакшы жыйынтык бердиби?
-УКТ(опг), жемкорлук (коррупция) менен күрөшүүдө президенттин тапшырмасы менен Камчыбек Кыдыршаевичтин жетекчилиги астында чечкиндүү кадамдарга барып, быт-чытын чыгарып жатышат. Бир эле УКМКнын УКТ менен жемкорлордон өндүргөнү 120 миллиардга жакын болду. Бул деген өткөн президенттердин убагындагы бир жылдык Кыргызстандын бюджети.
Өндүрүлгөн 120 миллиард сом деген жемкорлук, УКТ менен күрөшүүдөгү өтө чоң жыйынтык деп эсептейм.
- Элдин үйүн, машинесин тартып алган ломбарддар менен күрөшүү, пайзын арзандатуу аракети оңунан чыгабы?
- Мына, жакында эле өлкөбүздүн базарларында элдин терисинен кайыш тилген, акчага тойбогон көпөстөр менен күрөшүүнү баштаган. Тез эле жыйынтыгын берип, ижара акылары арзандап баштады. Бул деген карапайым элдин жашоо-шартын жеңилдетүүгө бийлик тарабынан камкордук деп билем. Азыр ломбард иштеткен сүткорлорго каршы күрөш башталды. Бул да эң жакшы жыйынтык берет деп ишенимдүү айта алам.
- Неге Камчыбек Кыдыршаевич баардык тармактын жүгүн көтөрүүгө аргасыз болуп жатат?
- Бул бийлик келгенге чейин мамлекетибиз кандай ахыбалда экенин билесиз.
Бул ахыбалга кимдер жеткиргенин да түшүнөсүз. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү креслосун бизнес катары, бюджетти тоноого колдонуп келишкен. Элди ойлоп да койбой уурулук схемаларын түзүп алышып, өздөрүнүн гана кызыкчылыгында май чайнап жүрүшкөн. Өзүнөн кийинки кадрларды да уурулук кылууга, жемкорлукка үйрөтүшкөн. Ошентип, 30-жыл ичинде ууру коом түзүлүп, Кыргыз өлкөсү ууру кадрлардын колуна өтүп калган.
Өзүңүздөр байкап жатсаңыздар керек, 2-3 жылдан бери ушулар менен аёсуз күрөш жүрүп, камап жатат, кустуруп жатат. Бирок дагы деле "үйрөнгөн адат калабы"-дегендей үйрөнгөндөр токтотпой, уурулугун улантып жатышат.
Ошондой коомдо тарбия алгандарга ишенип болобу? Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич  баардык тармактардын жүгүн көтөрүп, өзү көзөмөлдөп жатат.