Кыргызстанга Россиядан 15 миң 681 кг йогурт азыктарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталганын Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Анда айтылгандай, мыйзамсыз ташып келүү Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.