УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-январда атайын кызматтын Сузак РИИБине атайын техникаларды тапшырды.
Ташиев кызматкерлерди кызматтык милдетин так жана абийирдүүлүк менен аткарууга чакырды.
"Мамлекеттик кызматкерлер, айрыкча укук коргоо, коопсуздук, аскер, чек ара кызматкерлери берилгендик менен мамиле кылышы керек. Мамлекеттик сүйүшү керек! Форма кийдиңби, ант бердиңби - кызматыңды аткар. Кызматыңды аткарбай, өзүң мыйзам бузуп, коррупцияга барып жатсаң берген антың уруп кетет! Мындан ары мыйзам бузууга барбагыла! Пара алуу, пара берүүнү кескин түрдө токтотуу керек. Кызматка койгон, кызматтан алган, бир орундан экинчи орунга жылдырган учурда пара берүү, пара алууну токтоткула! Биз бул боюнча катуу иштерди жүргүзөбүз", - деди Камчыбек Ташиев.